Өлкөдө 36 жылынуу жана тамактануучу пункттар уюштурулган

  • 2 года мурун

Өлкөдө 36 жылынуу жана тамактануучу пункттар уюштурулган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөдөгү аба ырайынын кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу республика боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан жылынуу жана тамактануучу пункттар уюштурулган.

Учурда 7 облус боюнча пункттар иштеп жатат. Аталган жылынуу жана тамактануучу жайлардын көбү унаа жолдордо жана аба ырайы катаал шарттагы ашууларда ачылган. Мындан сырткары пунттар тамактануучу жайларда, мейманканада, турак жайларда, социалдык имараттарда, чатырларда уюштурулган.

Ал эми Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» жана «Арал» постторунда айдоочу жана жүргүнчүлөр үчүн ӨКМдин жылынуу пункттары туруктуу иштеп келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты