Өлкөдө 14-июлга карата 47 адамдан коронавирус аныкталды

  • 2 года мурун

Өлкөдө 14-июлга карата 47 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан 7 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЦР-тест тапшырууда аныкталган. Аныкталгандардын ичинен 7 адам COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.

Амбулатордук дарыланууда — 46 человек, ооруканада жаткандар — 1.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 329 учуру катталган, адам өлүмү 1,5 пайызды түздү.

2022-жылдын 6 ай 13 күнүндө COVID-19дун 16 581 учуру аныкталды.

Анын ичинде лабораториялык түрдө 14 587 (87,9%) жана 1994 (12,1%) учур – клиникалык-эпидемиологиялык (белгилерин жана ооруну жугузгандар менен байланыштарын эске алуу менен) ырасталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты