Өлкө аймагына мыйзамсыз алынып келинген унаа ачыкталды

  • 2 месяца мурун

27-июнда өлкө аймагына мыйзамсыз алынып келинген, А.К.Б. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “Lexus RX400h” үлгүсүндөгү автоунаа аныкталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ)  басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, аталган автоунааны текшерүү учурунда транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк башка транспорт каражатына катталгандыгы аныкталган.

“Мындан тышкары кузовдун идентификациялык номерлерин (VIN) текшерүүдө бул унаага берилген документ бажы кызматы тарабынан жол-жоболоштурулган эмес жана мыйзамга карама-каршы келген фактылар аныкталган” деп айтылат маалыматта. Унаа тийиштүү чара көрүү үчүн айып короо жайына токтотулганы белгилүү болду.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты