Лилия Кадырбердиева ЭВФтин аткаруучу директорунун кеңешчиси кызматына сунушталды  

  • 1 год мурун

Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызмат ордуна кароо үчүн сунушталды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Мындай чечимге КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.

Буга чейин бул кызматта иштеген Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты