Лепс Кыргызстанда пландалган концертинин токтолушу боюнча комментарий берди

  • 1 год мурун

Орусиялык ырчы Григорий Лепс «Говорит Москва» басылмасына маек берип жатып, Кыргызстан жана Өзбекстанда пландалган концерттеринин токтотулушуна байланыштуу билдирүү жасады. Ал концерттеринин токтолушун өзүнүн жарандык позициясына байланыштуу деп эсептерин айткан.

«Музыка саясаттан тышкары болуш керек. Сыягы, аларды менин атайын аскердик операцияга карата болгон позициям, мекениме кылган кызматым, биздин балдарга жардам берүү үчүн кылган аракеттерим кыжырдантат окшойт. Тарых баарын көрсөтөт, андан башка нерсе мени ойлондурбайт. Мен мекенимде бактылуумун. Өзүбүздүн калкыбыз бизди дайыма жылуу тосуп алат. Бул мени кубандырат» ,-деп айткан Лепс.

Эске салсак, Орусиялык ырчы, Украинадагы согушту колдогон Григорий Лепстин Чолпон-Атада пландалган концерти өтпөй турган болгон. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары 6-июлда “Азаттыкка” ырастап, буга “коомдогу каршы пикирлер негиз болгонун” билдиришкен.

Лепстин концерти 2-августта Чолпон-Ата шаарындагы Айтматов аллеясында өтмөк. Бул жарыя социалдык тармактарга чыккандан кийин айрымдар анын Кыргызстанга келишине каршы экенин жазып чыгышкан. Алардын бири – саясат талдоочу Алмаз Тажыбай “Кыргызстан Украинадагы согушта бейтарап позицияны карманып жатканын, ошол себептүү Кремлдин согуштук саясатын колдогон маданият кызматкерлеринин концерти өлкө аймагында өтпөшү керектигин” айткан.

Буга чейин Григорий Лепстин Өзбекстанда 23-октябрга пландалган концерти да жокко чыгарылган. Буга өзбекстандыктардын социалдык желедеги нааразылыгы себеп экени айтылган. Активисттер Телеграмда #LepsKerakmas (Лепс керек эмес) хэштеги менен нааразылык өнөктүгүн башташкан.

Орусиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков ошондон бир нече апта мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын билдиришкен. Андан кийин Лепстин Казакстандагы концерти да токтотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты