Ленин шайлоо округу: Талапкерлердин катышуусундагы теледебаттар 5-сентябрда башталат

  • 11 месяцев мурун

Талапкерлердин катышуусундагы теледебаттар 5-сентябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрда дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер үчүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын телеканалында акысыз эфир убактысын жана «Кабар» улуттук маалымат агентигинде акысыз басылма аянтчаларын бѳлүштүрүү боюнча чүчүкулак ѳткѳрдү.

Теледебат 5-сентябрдан 8-сентябрды кошуп алган мезгилде кечки убакта эфирде ѳткѳрүлѳт.

Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер ѳздѳрүнүн материалдарын «Кабар» улуттук маалымат агентигинде үгүт жүргүзүү мезгилинин бардык күндѳрүндѳ жайгаштырса болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты