Ленин РИИБи дарыгерлердин кармалышы боюнча маалымат берди

  • 2 года мурун

Бишкектин Ленин РИИБинин дарыгерлердин кармалышы боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, былтыр 14-декабрда саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшкөн. Анда чарчап калган ымыркайдын сөөгү келгени кабарланган. Бул факты Ленин РИИБиге катталып, тергөө иштери башталган.

Ымыркайдын ашказаны жакшы иштебей жатканы үчүн аны 13-декабрда эрте менен саат 19:00 чамасында Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле күнү саат 12:30да ымыркайды башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушат. Ал жерде бала өзүнө келбей, чарчап калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар жүргөн.

Анын жыйынтыгында шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А., 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г. кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты