Ленин РИИБи активист Атай Бейшенбектин кармалышынын себеби тууралуу маалымат берди

  • 2 года мурун

Ленин РИИБи активист Атай Бейшенбектин кармалышынын себеби тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Бишкек шаардык сотунун Ленин райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнөн Б.А.дан мамлекеттик ишканалардын биринин пайдасына жалпы суммасы 200 миң сом жана мурда төлөнгөн 12 миң 904 сомду өндүрүү боюнча материал келип түшкөн.

2021-жылдын 21-декабрында Б.А.га соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу боюнча сунуш жөнөтүлгөн. Бирок ал аткарылган эмес.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренесинин 1-бөлүгү (Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, кечээ, 16-майда Азат Бейшенбек кармалып, кайра бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты