Ленин районунун башкы архитектору менен Мамлекеттик картография бөлүмүнүн башчысы кармалды

  • 6 месяцев мурун

«Бишкек Башкыархитектура» жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик картографиянын кызмат адамдары кармалды. Бул УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш ишинин алкагында опузалап 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, 22-январда Бишкек шаарынын аймагынан 1 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н. жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж. кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ленин районунун башкы архитектору А.Н. аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты