Ленин районундагы шайлоо. Шайлоо тилкелеринен тышкары жерде добуш берүү өтүп жатат

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 27-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо тилкелеринен тышкары жерде добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шайлоо тилкелеринен тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 97 арыз түшкөн.

Алардын арасынан:
• улгайгандыгына байланыштуу — 5;

• майыптыгы барлар — 28;

• ооруп жаткандыгына байланыштуу – 41

• Башка категорияларга киргендер -23.

Ошондой эле:

• добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүү жана айыпталуучу катарында камакта жаткан шайлоочулар;

• алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда убактылуу жашаган жана мал бакканы жайлоолорго кеткен шайлоочулар;
• тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өзгөчө учурларда;

• добуш берүү күнү калктуу пункттардан алыс жайгашкан обочолонгон; жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;

• шайлоо күнү нөөмөттө турган ички иштероргандарынын кызматкерлери;

• үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардаиштеген шайлоочулар;

• ротациялык негизде иштеген шайлоочулар.

Шайлоо күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн участкасында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү жөнүндө жазуу түрүндө арыз берген шайлоочулардын реестринилип коюуга тийиш.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүшайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жана шайлоочунуншайлоо участогунан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты