Ленин райондук сотунда министрликтин «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралууда

  • 1 год мурун

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралууда.

Соттук отурумда «Азаттык Медианын» жактоочусу Тимур Султанов сот жүрүшүн видео-фотого тартууга уруксат сурады. Министрликтин өкүлү буга каршы болуп, судья 10 мүнөт, андан кийин 20 мүнөт видео тартууга уруксат берди. Тимур Султанов 20 мүнөттөн кийин кайрадан өтүнүч келтирди. Судья соттук отурумду толугу менен тартууга уруксат берди.

Азыркы учурда 10 мүнөт тыныгуу жарыяланды. Соттук отурум башка кабинетте өтө турган болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты