Лейлекте мыйзамсыз көмүр казуудан 201 млн сом зыян келтирилди

Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунда көмүр казуу иштеринде мыйзам бузуулар аныкталды. Натыйжада мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым жооптуу кызмат адамдар мыйзамсыз иштерди токтотуу боюнча чара көрбөй, ишканалардын мыйзамсыз иш жүргүзүүсүнө шарт түзгөнү аныкталган. Атап айтканда, «К-А» жана «К-А П» ишканалары бөлүнгөн жер тилкелеринен тышкары 100 миң чарчы метрден ашык токой аянтын бузуп, ири көлөмдө калдыктарды төккөн жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес.

Натыйжада токой фондусуна 66 млн сомдон ашык зыян келтирилип, бюджетке 135 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган. Жалпы зыян 201 млн сомдон ашык деп бааланууда.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты