Лейлекте кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү жолукту

  • 1 год мурун

Кечээ, 2-февралда Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода, УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдери катышты.

Тараптар чек арадагы кырдаалды талкууга алып, андан соң үч маселе боюнча макулдашышты.

— Чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүү;

— 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү;

— эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты