Лейлекте баңгизат ташып, сатканга шектелген жаран кармалды

  • 2 недели мурун

Лейлек районунда коңшу өлкөнүн жараны өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат ташып, сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө карышу күрөшүү кызматынын кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте, Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагына баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар ийгиликтүү жүргүзүлдү.

22-апрель күнү саат 23:10 чамасында атайын тергөө иштерин жүргүзүүдө Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаштык айылынын жанында, Худжант-Ганибадам унаа жолунда коңшу өлкөнүн 1995-жылы туулган Ж.Э. аттуу жараны кармалган.

Атайын тергөө иштери Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн.

Ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 1995-жылы туулган Ж.Э. жаранынан кара полиэтилен пакеттерге оролгон жана сары скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү 14 брикет табылган жана алынган. Таңгак менен алынган заттын жалпы салмагы 7 кг 734 гр түздү.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар Ооганстандан чыккан «гашиш» баңгизаты экенин аныкталды.

Азыркы учурда 1995-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин тартибинде кылмышка шектүү деп кармалып Ош ОИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты