Лейлек: Сел эки жүздөй малды агызып, Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун жараксыз абалга алып келди

  • 2 года мурун

Кечээ, 19-майда Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, эки жүздөй малды агызып, Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун жараксыз абалга алып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Селдин кесепетинен Катраң айыл аймагынын Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун суу каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга алып келген. Учурда жол жабык турат.

Ошондой эле Баул айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп 200 баш майда малды агызып, 7 чакырым унаа жолу, 3 чакырым арык жана 4 даана электр мамычасы жараксыз абалга келген.

Катраң айылынын Эпкин, Суу-Башы тилкелеринде бир турак үйдүн ашканасын, эки турак үйдүн огородун сел каптап, 2 чакырым унаа жолу, 3,5 чакырым арык жараксыз абалга келген.

Өзгөрүш айылынын Айыкты тилкесинде 3 чакырым унаа жолу жана 2 чакырым арык кум шагылга толуп калган.

Мындан тышкары Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбийке айылында 5 турак үйдүн короосун, 6 чакырым арыкты, 3 чакырым унаа жолун жана Миң-Жыгач айылында 4 турак үйдүн огородун, 4 чакырым арыкты сел суулары каптаган.

Кырсык болгон жерге бир грейдер, бир жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты