Лейлек районунда бүгүн экинчи ирет жер титиреди

  • 23 часа мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-ноябрда, саат 10:10до Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2.5 баллга (Коргон айылынан 28 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 70 чакырым түштүктө) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бүгүн, 20-ноябрда, таңкы саат 04:53тө Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Кара-Суу, Коргон айылдарында жана Баткен районунун Рават айылында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты