LBMA «Кыргызалтын» ишканасына «good delivery» макамын кайтарып берди

  • 2 года мурун

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна “good delivery” макамын кайтарып берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул статустун кайтарылышы менен “Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунда өндүрүлгөн алтын куймалары дүйнөдөгү “good delivery” макамы менен таанылган базарларга сата алат.

“Министрлер кабинети Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын чечимин кубаттайт. Бул чечим оңой болгон жок. “Кыргызалтын” ишканасы акыркы бир жылдагы окуяларда өлкөдөгү ири алтын кендин менчик ээси алмашкандан тарта көптөгөн аудит жана сынактардан өтүүгө туура келди. Биз LBMAнын алкагында дүйнөгө ишенимдүү алтын жана күмүш өндүрүүчү катары милдеттемелерди татыктуу аткарарыбызды көрсөттүк. Мындан ары да аффинаждоочу завод өз милдеттемелерин аткара берет” — деп айтылат Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан таратылган билдирүүдө.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, макамдын кайтарылышы менен 2021-жылдын 17-сентябрынан тарта өндүрүлгөн алтын куймаларды тоскоолдуксуз сатууга жол ачылат.

Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясы “Кыргызалтындын» аффинаж заводунун аккредитациясын былтыр сентябрда токтоткон эле.

Ага ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу заводдогу «алдамчылыкка шек саноодон» улам текшерген. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы «good delivery» статусу токтотулган.

Мунун кесепетинен Кыргызстандын алтынын экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыккан болчу.

Быйыл апрелдин башында кыргыз бийлиги Кумтөрдү иштеткен канадалык « Центерра Голд» компаниясы менен келишимге кол коюп, кен Кыргызстанга толугу менен өткөнү жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты