Өлүм менен өмүрдүн айкалышын сүрөттөгөн “Жол” фотокөргөзмөсү өтөт

  • 2 года мурун

17-январь күнү “ПолитКлиника” медиасынын кабарчысы Гулиза Урустамбек кызы жана “Клооп” медиасынын журналисти Найзабек Мукамбетовдун “Жол” аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өтөт. 

Сүрөт көргөзмө Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 17-январда ачылып, 27-январга чейин уланат. 

Анда фотокабарчылардын Кыргызстандын беш облусунда тартылган сүрөттөрү камтылып, адам төрөлгөндөн каза болгонго чейинки жолу кыргыздын каада-салттары менен баяндалган.Сүрөттөрдө баланы бешикке салуу, үйлөнүү үлпөт жана жаназа сыяктуу кыргыздын салттары көрсөтүлүп, “өлүм менен өмүрдүн” айкакалышы эмоциялар менен берилет. 

Көргөзмөнүн авторлорунун бири Гулиза Урустамбек кызынын айтымында, бул фотокөргөзмө убакыттын маанилүүлүгүн башка өңүттөн кароого да мүмкүндүк берет.

“Фотожурналистика Кыргызстанда көп өнүкпөгөн жанр болсо да, бул фотодолбоор кыргыздын каада-салттарын жана убакыттын бат өткөнүн башка өңүттөн кароого мүмкүнчүлүк берет”, — дейт автор.

Белгилей кетсек, фотожурналист Гулиза Урустамбек кызы 2021-жылы “MediaJasa” долбоорунун алкагында “Кыргызстандын элинин үмүтү жана тынчсыздануусу” аттуу көргөзмө уюштурган. Ал эми  фотограф Найзабек Мукамбетовдун бул биринчи жолу жасап жаткан көргөзмөсү. Анын фотодолбоорлору “Клооп” медиасына жана башка жергиликтүү ЖМКларга жарыяланып келет. 

Жол” фотодолбоору “Сорос-Кыргызстан” жана “IDEA CA” фонддорунун жардамы менен ишке ашырылган “MediaJasa” долбоорунун алкагында жасалган.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты