“Кызым менен учурушканга жардам бергилечи! Азыр 21-кылым го акыры?!”

Гүлбахар Рустамованын (Аты-жөнү өзгөртүлдү) мектепти жаңы аяктаган кызын бейтааныш адамдар үйүнөн уурдап кетип, бир жылдан бери ата-энеси менен учураштырбай, сүйлөштүрбөй келишет. “Кызымды уурдап кетти” деп укук коргоо органдарына кайрылса, алар бул иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Гүлбахарга учурда про-боно адвокаттар жардам көрсөтө баштады.Гүлбахар Рустамова Орусияда иштеп жүрүп, ошол жактын жарандыгын алган. 2019-жылдын 6-декабрында кызы Махабатты (Аты өзгөртүлдү) Кыргызстанга чоң энесине жардам берсин деп жөнөтүшкөн.

2020-жылдын май айында 11-классты Кыргызстандан аяктаган. Россияга кетип, жогорку окуу жайга тапшырам деп турган кезинде коронавирус пандемиясына пайланыштуу карантин болуп, өлкөдөн чыга албай калган. Ошентип Кыргызстанда жүргөн кезинде эки бейтааныш жигит үйдүн короосуна кирип келип, кызды күч колдонуп уурдап кетишкен. Жолдон чыккан чоң энесин дагы жулкулдатып, ыргытып, кызды машинеге тыгып алып кетип калышкан.Кыздын ата-энеси, чоң энеси дароо укук коргоо органдарына — Ноокат РИИБине, прокуратурасына кайрылышып, кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш козгоону суранышкан.

Биз ала качкан бала менен беттештирип бергиле деп сурандык. Алар болсо “беттешүү учурунда кызыңар ал баланы тандап кетсе, жөн эле чыгып кетесиңер” деп айтышты. Биз макул болдук. Айткан күнү келип күтүп турдук, кызым өтүп баратканын терезеден көрүп калып чуркап чыгып эле кучактадым. Менин колумдан Аваздын туугандары кызымды жулуп алып кетип калышты, жолдошумду болсо 5-6 милиция кызматкерлери жерге жаткырышып, кармап турушту. Бизди беттештиришкен жок. Бирок ал прокурордун кабинетинде отурганын билип калып, ошол жакка бардым. Кызым “Апа, булар жаман иштерди кылабыз деп жатат, өчөшпөй эле коюңуз” деп шыбыраганга жетишти. Мен кызымды кысым менен кармап турганына толугу менен ишенем”, — дейт Гүлбахар Рустамова.

Кызды ала качкан тарап аны ата-энеси менен такыр байланыштырбай коюшкан. Ортомчулар аркылуу бир жолу араң сүйлөшкөнүн, кызы психологиялык басым астында калганын айтып ыйлайт Гүлбахар. «Бир жолу ортомчулар аркылуу телефон беришти. Мен “Кызым, кандайсың?” дегенде эле кызым ыйлай баштады, алар колунан телефонун жулуп алып, өчүрүп коюшту да мессенджерден жаза баштады. Анын атынан башка бирөө жазды деп ойлойм. Үйүнө барып көрсөткүлө десек, бизге көрсөтпөй сабап, кубалап жатышат. Кайненемди сынган бөтөлкө менен уруп, ооруканага чейин түштү. Эгерде кызым өзү макулдугу менен барган болсо эмнеге адамчасынан алып келип, бизге учураштырышпайт? Эмнеге колуна телефон беришпейт?”, — дейт Гүлбахар.

Кызды уурдап кеткен жигит Аваз (Аты өзгөртүлдү) жигит мурда үйлөнгөн экен, Махабаттын жакындары Аваз буга чейин дагы кыздарды видеого тартып алып, шантаж кылып жүргөндүгүн айтышат.Ал эми укук коргоо органдары адегенде бул ишти Кылмыш кодексинин 175-беренеси — никеге туруу үчүн адам уурдоо беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, бирок кийинчерээк Авазды кылмыш жообуна тартуудан баш тартышкан.Гүлбахар Рустамова Адвокаттарды окутуу борборунун про-боно адвокаттарына кайрылып, жардам сурайт. Про-боно адвокат Мутабархан Ташматова бул ишти өзүнө алып, кылмыш ишин токтотуп койгон укук коргоо органдарынын үстүнөн Президентке, Башкы прокуратурага, УКМКга, Орусиянын элчилигине арыз жазат.

Азыр биздин арызыбыздан кийин кайра суракка чакырып башташты. Биз кайрадан кылмыш иши ачылышы керек, кыз комиссиялык соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүлүшү керек деген талапты коюп жатабыз. Анткени, кызды алиге чейин уурдагандар өзүнүн үйүндө кармап, ата-энеси менен жолуктурбай, сүйлөштүрбөй, психологиялык басым жасап, үйбүлөсүнө зомбулук көрсөтөрүн айтып коркутуп жатышат. Кылмыш иши козголсо 175-берене боюнча уурдагандар 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат”, — дейт про-боно адвокат Мутабархан Ташматова.“Про боно” латын тилинен которгондо, коомдун кызыкчылыгы үчүн бекер жардам көрсөтүү дегенди түшүндүрөт.

Дилрабо Абакджанова мүчө болгон Адвокаттарды окутуу борборунун адвокаттары зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга про-боно жардамдарын көрсөтүшөт. Бул долбоор ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында ишке ашып жатат.Сиз дагы зомбулукка кабылып, юридикалык жардам керек болуп жаткан болсо төмөнкү координаттар боюнча кайрылсаңыз болот:

+996777669659, +996555669659 (Алика, Мира), email: [email protected]

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты