Кызыл-Кыядагы көмүр шахтасында бир киши газга ууланып каза болду 

  • 2 года мурун

Баткен облусунунун Кызыл-Кыя шаарында 34 жаштагы жаран көмүр шахтасында газга ууланып каза болду.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында газ чыкканын, ичинде адамдар калып калганын кабарлаган.

Шахтанын 90 метр тереңдигинен Ноокат районунун 34 жаштагы тургуну Т.Ө.М.нун сөөгү табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты