Кызыл-Кыяда суу түтүктөрүн жаңылоо долбоору боюнча бир канча кызматкерге кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жана “Суу канал” ишканасынын кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматында аталган кызматкерлер шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда иштин көлөмүн ашыкча баалаганы белгиленген. Бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 2017-жылы (ЕРӨБ) 6 млн. евро бөлгөн.

Учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) ылайык ылмыш иши козголду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты