Кызыл-Кыяда үй-жайы жок жарандарды реабилитациялык борборго жеткирилүүдө

  • 2 года мурун

Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери үй-жайы жок жарандарды реабилитациялык борборго жеткиришүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери 2023-жылдын 11-13-январь күндөрү кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана ызгардуу суукка байланыштуу «Селсаяк» аталышындагы алдын алуу иш-чараларын уюштурууда. Бул иш-чаранын максаты туруктуу жашаган жери жок селсаяктардын, тилемчилик менен күн өткөргөн адамдардын өлүмүнө жол бербөө. Анын негизинде милиция кызматкерлери шаар аймагын кыдырышып, аныкталган тилемчилик менен күн өткөргөн адамдарга, селсаяктарга ысык чай беришип, аларды «Шанс каждому» реабилитациялык борборуна камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты