Кызыл-Кыя: өспүрүмдөр арасындагы чыр өлүм менен аяктады

  • 1 неделя мурун

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 17 жаштагы өспүрүм теңтуштары менен болгон жаңжалдан кийин каза болду.

Маалыматка ылайык, окуя 27-май күнү кечинде Кулатов атындагы паркта болгон. Чыр учурунда өспүрүмдөрдүн бири 17 жаштагы балага сокку урган. Натыйжада ал эс-учун жоготуп, тез жардам келгенге чейин көз жумган.

Ал Кадамжай районундагы мектептердин биринин 10-классынын окуучусу болгон. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары жашы жете элек өспүрүм кармалды. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты