Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттин ичинен ымыркай табылды

  • 2 года мурун

Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечиттин ичинен эркек жыныстуу ымыркай табылган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген. 

Маалыматка ылайык, ак шейшепке оролгон ымыркайды эртең менен азан чакыруу үчүн барган молдо көрүп, милицияга кабарлаган.

Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты