«Кызыл-Кыя машина куруу заводу» мамлекетке кайтарылды

  • 13 часов мурун

Баткен облусунда жайгашкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына кайтарылды. Аталган агенттик Министрлер кабинетине карайт.

Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн, 19-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган заводдун жалпы аянты 22,89 гектарды түзөт. Ал эми болжолдуу баасы 4 млрд 74 млн 640 миңден ашык сом экендиги айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты