Кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогулткан деген шек менен «Кадастр» мекемесинин жетекчиси кармалды

  • 2 года мурун

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы аныкталган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө текшерүү органдарына өткөрүп берүү шылтоосу менен аталган мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап калышканы аныкталган.

Алынган далилдердин негизинде 25-июлда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору «С.Э.К.» кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты