Кыздардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарасында «Кыргызстан кыздарынын резолюциясы» сунушталды

  • 10 месяцев мурун

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан уюштурулган Кыздардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыздардын эл аралык күнү жыл сайын 11-октябрда белгиленет жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча глобалдык платформа болуп саналат. 2023-жылы бул күндү майрамдоонун глобалдык темасы: «Кыздардын укуктарына инвестиция салыңыз: биздин лидерлик, биздин бакубатчылыгыбыз». Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектептеринин кыздары бизнес, активдүүлүк, чыгармачылык жана IT чөйрөсүндөгү лидер аялдардын мотивациялык сөздөрүн угушту, конкурстарга, уюмдардын жарманкесине катышты. Асель Чынбаева өз сөзүндө кыздар — бул келечек гана эмес, алар — бүгүнкүбүз, биздин милдетибиз — аларга күчтүү жана көз карандысыз инсандар катары өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү экендигин белгиледи. Иш-чаранын негизги учурларынын бири 50 миңден ашуун кыз катышкан «Илимдеги кыздар» программасынын бет ачары болду. Аларга теңтуштары STEM (табият илим, технология, инженерия жана математика) жана лидерлик боюнча атайын тренингдерди өткөрүштү. ЮНИСЕФтин сурамжылоолору катышуучу кыздардын жашоо предметтери жөнүндө маалымдуулугу 10 эседен ашык жогорулагандыгын көрсөттү. Иш-чаранын жыйынтыгында «Кыргызстан кыздарынын резолюциясы» сунушталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты