Кыздарды чет өлкөгө интимдик кызмат көрсөтүүгө жөнөтүүгө шектелген үч жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Кыздарды чет мамлекеттин аймагына интимдик кызмат көрсөтүү үчүн жөнөтүп жүргөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«28-январда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан, чет мамлекеттин Г.Ж. аттуу жараны жана ал менен жакын мамиледе турган Ч.Н. аттуу кыргыз жараны, алдын ала түзүлгөн бүтүм боюнча, жеңил акча табасың деген шылтоо менен сойкулук менен алектенүү үчүн чет мамлекеттин аймагына кыздарды даярдап жөнөтүп жаткандыгы туралуу маалымат алынган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (адамдарды соодалоо) менен кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган К. Ф., 1993-жылы туулган Ч. Н. жана чет мамлекеттин 1987-жылы туулган Г. Ж. аттуу жараны аныкталган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилди жана КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

«Кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралардын жүргүзүлүп, анын натыйжасында айрым маалыматтар аныкталган. Тактап айтканда, кыздарды чет мамлекеттин аймагына сойкулук менен алектенүү үчүн жөнөтүүнүн алдында, тиешеси бар адамдар боло турган иштин чоо-жайын дайыма эле айтып беришкен эмес. Андан соң жөнөтүлгөн кыздардын ар биринен 3 миң доллар суммасында пайда көрүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты