Кытайлык компания Ташкент облусунда күн электр станциясын кура баштады
- 2 недели мурун
Ташкент облусунун Бука районунда 150 миллион долларлык күн электр станциясынын курулушу башталып жатат.
Долбоорду кытайлык China DaTang Corporation Бука маалесиндеги 621 гектар аянтта ишке ашырууда.
263 мегаватт кубаттуулуктагы станциянын курулушу райондун башчысы Бактияр Бегматов баштаган делегация менен ишкана өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин башталды.
Жолугушууда долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, күтүлүп жаткан жыйынтыктар жана келечектеги пландар талкууланды.
Сүрөт: Reuters
Муну бөлүшүү