Кытайга виза алуу жөнөкөйлөштүрүлдү

  • 7 месяцев мурун

Тышкы иштер министрлиги кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кытай Эл Республикасынын визасын берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөнүн маалымдады.

17-декабрдан баштап Кытай элчилиги виза алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды. Элчиликтин консулдук бөлүмү Кытайга виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ишкерлерине, ошондой эле иш сапары менен же маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара турган Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытай визасын алуу үчүн атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын жарандары чакыруусу, ошондой Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өтүнүчү/кайрылуусу болгон учурда Кытайдын тийиштүү категориядагы визасын алуу үчүн кайрыла алышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты