Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жакын арада Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушууда билдирди.
Жолугушуу 25-июлда болуп, анда тараптар алдыдагы сапарга даярдык көрүү жана эки өлкө ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, айыл чарба, өнөр жай жана инвестиция багытындагы долбоорлорду, ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу маселесин карашты.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө Шанхай кызматташтык уюму алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Кытай тарап Кыргызстанды уюмдун иш-чараларын өткөрүүдөгү аракеттери менен куттуктап, Бишкек саммитин колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну улантууга жана кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоого даяр экенин белгилешти.
Сүрөт: Интернет булактарынан




