Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин автоунаалары жол кырсыгына кабылды

  • 6 месяцев мурун

1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки автоунаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы билдирген.

Кырсык Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталган. Окуя болгон жерде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь да жүрөт. Элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Жол кырсыгына ким күнөөлүү экени, элчиликтин машинесинде кимдер баратканы азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

Сүрөт: Айбек Бийбосунов

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты