Кытайдан гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатканы чындык (Фактчекинг)

13-февраль күнү Атай Бейшенбек аттуу Фейсбук колдонуучусу “Кытайдан гуманитардык жардам катары келген ундар сатыла баштаптыр” деген маалыматты бөлүшкөн.

Кытайдан гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатканы чындык (Фактчекинг)

Анда LALAFO сайты аркылуу Нурлан Бейшенбеков аттуу жаран гуманитардык жардам катары келген ундарды сатып жатканы көрсөтүлгөн. 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Кытайдан келген жардам 

Кытай Кыргызстанга азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамды 2021-жылы 5-ноябрда берген. Бул тууралуу Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги билдирген. 

Гуманитардык жардамды Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Девень тапшырган. Ал өз сөзүндө, аталган жардам коронавирус пандемиясы убагында коңшу мамлекетти колдоо максаты менен берилип жатканын белгилеген. 

«Кытай элинин кыргыз элине болгон достук сезимин көрсөтүү максатында, Кытай Кыргызстандын өтүнүчү боюнча шашылыш түрдө азык-түлүк жардамын көрсөттү. Гуманитардык жардамдын бул партиясы Кыргызстандын жаңы коронавирус илдети менен күрөшүүдө оң ролду ойнойт деп ишенебиз. Кытай эки элдин жыргалчылыгы үчүн Кыргызстан менен түрдүү тармактарда кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр”, — деп билдирген Ду Девень. 

Аталган жардам Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге тапшырылган. 

“ӨКМ: Унду сатууга аракеттенген адам мамлекеттик кызматкер эмес” 

Интернет тармагына тарап жаткан “Кытайдан келген унду сатуу” иши боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү тараткан. Анда министрлик унду сатууга аракеттенген адам Аламүдүн районунун жай тургуну экенин билдирген. 

“Негизи жарнактын ээси өзүнө, муктаж үй-бүлө катары жана майып агасы экөөнө эки кап ун берилген. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленина айылынын тургуну. Жардам катары алынган унду ал өзү сатыкка койгон. Кайсы бир мамлекеттик орган же кызматкер элге жеткирилген унду сатып жатат деген божомол чындыкка дал келбейт”, — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Lalafo сайтында Nurlan Beishenbekov аттуу жаран тамак-аш тармагы боюнча бир канча жарнама жайгаштырган. 

Кытайдан гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатканы чындык (Фактчекинг)

Номери башка болгону менен, гуманитардык ун боюнча жарнама берген Nurlan Beishenbekov аттуу жаран менен аты-жөнү окшош экенин көрүүгө болот. 

Бирок аталган профиль Lalafo тармагынан өчүрүлүп кеткен. 

Lalafo сайтында гуманитардык унду сатуу жарнамасын жарыялаган башка адамдар да бар. 

Кытайдан гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатканы чындык (Фактчекинг)

Бирок мыйзам боюнча гуманитардык жардамга берилген жардамдарды сатууга тыюу салынат. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү мыйзамда каралган. 

Кытайдан гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатканы чындык (Фактчекинг)

Эгер бул талап бузула турган болсо мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. 

Жыйынтык: Lalafo сайтына Кытайдан берилген гуманитардык жардамдарды сатуу боюнча жарнактар чыкканы чындык. Бирок, алардын муниципалдык кызматкерлер менен байланышын аныктоо мүмкүн эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты