Кытай жакын арада Кыргызстан менен Өзбекстанга темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин берет
- 2 года мурун
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча кытайлык адистер талаа иштерин бүтүрүп, жакын арада экспертиза жүргүзүү үчүн кыргыз-өзбек тарапка техникалык-экономикалык негиздемени берет.
Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, жолугушуу маалында тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоору бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизерин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке ашырууда маанилүү звено болуп каларын айтты.
Өз кезегинде Ху Чуньхуа өз ара байланыш жаатындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, үч тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун активдүү илгерилетип, ошону менен өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз сооданы камсыздайт деген ишенимин билдирди.
14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» багыты менен өтөт. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт. Буга чейин ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени кабарланган.