Кытай Сары-Жаз дарыясында ГЭС курууга кызыктар

  • 12 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрация башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты.

«Азаттык» билдиргендей, ал аталган жерге инвестиция тартылганы жаткан Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат. Анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулуктагы алты ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети мерчемделгени менен, ушул кезге чейин токтоп турган.

Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу жөнүндө буга чейин президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаевдин Кытайга сапарларында сөз болгон.

Мамлекет башчы коңшу өлкөгө быйыл 17-20-май күндөрү мамлекеттик сапар менен болуп келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты