Кытай менен дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгы белгиленди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 5-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун, дипломатиялык корпустун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маданият, искусство ишмерлери жана башкалар катышты.

Кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык мамилелеринин өнүгүшү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда акыркы 30 жыл ичинде Кыргызстан менен Кытай эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Мамлекет башчы ишке ашырылып жаткан эң маанилүү эки тараптуу долбоорлорго токтолуп, ошондой эле 2022-жылга карата ар кыл чөйрөдө келечектүү биргелешкен пландарды белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен уланды.

Кытай менен дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгы белгиленди
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты