Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу: Инвестициялык макулдашуу иштелип чыкты

  • 4 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.

Министрлер кабинети сайтында кабарлады.    

Отурумда Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды.

Натыйжада жыйын соңунда тиешелүү министрликтерге, комитеттерге, административдик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, мекемелер аралык комиссиянын ишинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.

2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. 

Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон. Курулуш быйыл октябрда башталмак.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн үч өлкө биргелешкен долборлоочу компания түзмөк. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Кошкон каражаттарына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

“Кыргыз темир жолу” компаниясынын башчысы Азамат Сакиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып калган маселелер учурда даярдалып жаткан инвестициялык макулдашууда өзүнчө жазыларын белгилеген.

Ал темир жол долбоорго кеткен каражатты актап бүткөн соң анын Кыргызстандагы бөлүгү толугу менен кыргыз тарапка өтөрүн айткан. Сакиев муну үчүн баштапкы мөөнөт катары 31 жыл деп эсептелип жатканын кошумчалаган.

Макулдашууга ылайык, долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун 2 млрд 332 млн долларын үч мамлекет чогуу чыгарат. 51% Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5% чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.

Калган 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты