Кытай дарыгерлери көзгө акысыз операция жасайт. Даректери

  • 12 месяцев мурун

Кытайдан келген офтальмологдор катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 2023-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрына чейин «Экспресс ден соолук – Жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытайдан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат.

Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча саат 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бейтаптарга маалымат үчүн — жаныңарда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, маалымкаттарыңыз (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу жана башка күбөлүгү) болушу керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты