Кытай АКШга согуш баштоо тууралуу эскерткени чындык (Фактчекинг)

13-июнь күнү Super.kg сайтында “Кытай АКШга Тайвандын бөлүнүшүнө жооп катары согуш баштаарын катуу эскертти” деген маалымат жарыяланган. Анда Кытайдын коргоо министри Вей Фэнхэ бул сөздү Пентагондун башчысы Ллойд Остинге айтканы белгиленет. 

Кытай АКШга согуш баштоо тууралуу эскерткени чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Тайвань чыры: АКШ жана Кытай 

10-12-июнь күндөрү Сингапурда коопсуздук боюнча Азиянын башкы саммити — “IISS Шангри-Ла диалогу” болуп өткөн. Шангри-Ла диалогу Азиядагы коопсуздук боюнча башкы форум болуп саналат. Быйылкы жылы саммитке 40 өлкөдөн 575 делегат катышып, дүйнөдөгү бир катар оорчундуу маселелер талкууланган. 

Кытай АКШга согуш баштоо тууралуу эскерткени чындык (Фактчекинг)

Саммитте эң оорчундуу маселе катары Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш каралган. 

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин саммитте Американын саясатынын багыттары тууралуу маалымат берген. Ошондой эле ал Кытайдын көз карандысыз Тайванга болгон провокациялары чыңалууга жол ачышы толук мүмкүн экенин айткан. 

«Биз Тайвань кысыгында тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана статус-квону сактоого көңүл бурабыз. Бирок Кытайдын аракеттери Индо-Тынч океан аймагындагы коопсуздукка, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүүгө доо кетирет.”, -деп билдирген Ллойд Остин.

Ошондой эле Остин АКШ өзүнүн мамилесинде инклюзивдүү бойдон кала берерин, союздаштары жана өнөктөштөрү менен кызматташууну күчөтүп жаңы аймактык институттар менен тандемде иштей бере турганын кошумчалаган.

“Биз бөлүнүүнү эмес, биримдикти көздөйбүз. Биз чыр-чатакка эмес, кызматташууга умтулабыз. Бул болсо биз премьер-министр Линин регионго эч ким бинардык тандоону таңуулабашы керек деген акылман кеңешин аткарып жатабыз дегенди билдирет. Аныкы туура. Биздин бир тууган Индо-Тынч океан мамлекеттери эркин тандап алууда, гүлдөп-өнүгүүдө жана өз багыттарын аныктоодо эркин болууга тийиш деп эсептейбиз”, — деп айткан. Ллойд Остин Кытайдын көз карандысыз Тайвандын чек арасында болгон активдүү провакациялары жана курал жайгаштыруулары Орусиянын Украинага кол салганы сыяктуу көрүнүштү берип жатканын билдирген. 

Ллойд Остиндин сөздөрү, Кытайдын коргоо министри тарабынан төгүндөөгө жана сынга кабылган. 12-июнь күнү Вэй Фэнхэ “Кытайдын аймактык тартипке көз карашы” аттуу темада сөз сүйлөгөн. Ал Тайвань Кытайга тиешелүү экенин жана ал Кытайдын ички иши экенин белгилеген.

 «Тайвандын көз карандысыздыгын бөлүү, албетте, жакшылык менен бүтпөйт. Тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү эч качан ийгиликке жете албайт. Эгерде кимдир-бирөө Тайванды Кытайдан бөлүүгө батынса, Кытайдын Элдик-боштондук армиясы Кытайдын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн “Тайвандын көз карандысыздыгын” орнотуу аракетин кандай гана болбосун токтотууга аргасыз болот. Бул Кытайдын жалгыз тандоосу” , — деген Кытайдын коргоо министри.

Мындан сырткары Вэй Фэнхэ Украина менен Орусиянын чырында да “нейтралдуу” позицияда экенин кошумчалаган. 

Тайвань окуясы жана Кытайдын аракети 

Тайвань чындыгында Кытайдан өзүнчө мамлекет катары иштейт, бирок расмий түрдө өзүн «Кытай Республикасы» деп атайт. Анын өзүнүн конституциясы, армиясы жана шайланган өкмөтү бар. Ал тарыхый жактан – жарандык согуш аяктагандан кийин 1949-жылы бөлүнгөн. Дүйнөнүн бардык мамлекеттери Тайваньды көз карандысыз мамлекет деп тааныбайт. Бирок 14 кичинекей, бирок таанылган мамлекеттет Тайванды тааныйт жана аны менен расмий дипломатиялык мамиледе.

Пекин аралды өзүнүн жикчил провинциясы деп эсептейт. Тайвандын айрым саясатчылары Тайванды Кытай деп атабай, расмий түрдө көз карандысыздыгын жарыялоону сунуштап жатышат. Бул идея Пекинди ого бетер кыжырданткан. 2021-жылдын январында Кытай бийликтери Тайвань көз карандысыздыгын талап кыла берсе, аны согуш менен коркуткан.

Ошондон бери Кытайдын аба күчтөрүнүн учактары аралдын жанында дээрлик күн сайын маневр жасап, Вашингтондун терс реакциясын жараткан.

Аналитиктердин пикиринде Пекин тайвандык бийликтин көз карандысыздыкка умтулуусуна катуу тынчсызданат. Ошондуктан расмий түрдө эгемендүүлүгүн жарыялап жибербесин деген чочулоодон улам президент Цай Инвэнди ар кандай жолдор менен коркутууда.

Тайваньдын президенти Цай Инвэнь буга чейин бир нече жолу Тайвань көз карандысыз мамлекет экенин айтканы бар. Ошондуктан көз карандысыздык тууралуу формалдуу декларациянын кереги жок деп айткан.

Аралга жакын жерде Кытайдын куралдуу күчтөрү активдешүүдө. Тайвань өзүнүн эгемендүүлүгүн жана эркиндигин коргой турганын билдирген. 

Жыйынтык: Кытай АКШга согуш баштоо тууралуу эскерткени чындык. Ага Американын Тайвань тууралуу тынчсызданган билдирүүсү себеп болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты