Кытай Айдын аркы тарабындагы топуракты жерге алып келди

  • 2 месяца мурун

Кытайлык “Чанъэ-6” ай зонду тарыхта биринчи жолу Айдын аркы тарабында чогултулган топурактын үлгүлөрүн жерге ийгиликтүү алып келди.

Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги Кытайдын Улуттук космостук башкаруусуна (CNSA) шилтеме жасоо менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, топурактын үлгүлөрү менен кайтып келген капсула 25-июнь күнү Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономдук районуна келип түшкөн.

Ийгиликтүү конгон капсуланын видеосун кытайлык CGTN телеканалы жарыялады. Кайтып келген корабль Бээжинге ачылыш үчүн жеткирилет, ал эми айдын топурагынын үлгүлөрү мындан аркы сактоо, талдоо жана изилдөө үчүн окумуштуулар тобуна тапшырылат деп айтылат маалыматтарда.

2-июнда эртең менен Кытай Айдын аркы бетине, караңгы тарабына «Чанъэ-6» космос аппаратын ийгиликтүү кондурган.

Сүрөт: Russian.news.ch

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты