Кышка алдын ала даярданыңыз!
- 16 часов мурун
Үйүңүздү үнөмдүү жана түтүнсүз жылытууну каалайсызбы? Жылуулук насосу — жылытуунун эң үнөмдүү жана экологиялык жактан таза ыкмаларынын бири. Туура тандалган жабдуу электр энергиясына лимит коюлган шартта да үйдү жылытууга жардам берет.
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында КР Финансы министрлигинин кредиттик линиясы аркылуу жылуулук насосун сатып алууга жана орнотууга 1 млн сомго чейин, жылдык 6% үстөк менен, 5 жылга чейин жеңилдетилген насыя алууга болот.
Насыя Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун тургундары үчүн каралган. Толук маалымат алуу үчүн «Элдик Банк», «АБанк» же «Бакай Банкка» кайрылыңыз.
Кышты күтпөңүз — үйүңүздү азыртан жылуулоого кам көрүңүз! Насыя алуу тууралуу кененирээк маалыматты өнөктөш банктардан билсеңиз болот:
АБанк — 5511
Элдик Банк — 9111
Бакай Банк — 6111
БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТТАРЫ:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Бишкек ш., Чүй проспекти, 114, 401-кабинет
📧 [email protected] | [email protected] 📞 +996 506 667 676




