Кыргызстындын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатында 6 медаль жеңди

  • 8 месяцев мурун

Кыргызстындын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатында 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль (1 алтын, 3 күмүш, 2 күмүш) жеңди.

Кыздар арасында 63 кг чейинки салмакта Адина Көчкөнбаева алтын медалга ээ болсо, 78 кг чейинки салмак ченинде Шахида Нармухамедова жана +78 кг чейинки салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медалга ээ болушту. Ошондой эле 57 кг салмакта Жанар Жолдошева жана 70 кг чейинки салмакта Сауле Алмазова коло медалга ээ болушту. Балдар арасында +100 кг салмакта Эмирхан Жолдошказиев күмуш медаль тагынды.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча жаштар курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты