Кыргызстанга жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган кытай жараны кармалды

  • 1 год мурун

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын жасалма паспорт менен мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети») негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен жаран 27-августка чейин тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. КЭР жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты