Кыргызстанга парламенттик делегациялар келип жатышат

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргызстанга Өзбекстан Олий мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева жана Тажикстан Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти.

Делегацияларды «Манас» эл аралык аэропортунда  Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Буга чейин Орусия, Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Армения, парламенттик делегециялары келди.

Парламенттик делегациялар 2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясына катышуу үчүн келишкен.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.

Сүрөттө: Өзбекстан Олий мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеваны жана Тажикстан Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегацияларды Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты