Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов келди
- 24 часа мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстанга Казакстандын ремьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
“Манас” эл аралык аэропортунан мейманды Министрлер кабинетинин төрагасы —Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт, мындан тышкары алар аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумуна катышат жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин он төртүнчү жыйынын өткөрүшөт.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




