Кыргызстанга Казакстан менен Азербайжандын парламенттик делегациялары келди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-июнда Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган парламенттик делегациялары келди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, меймандарды Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов тосуп алды.

Эртең, 24-июнда ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана 11-пленардык жыйыны өз ишин баштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты