Кыргызстанга 20 миңден ашык доза COVID-19га каршы вакцина келди

  • 6 месяцев мурун

Республикалык иммунопрофилактика борборунун борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң АКШ долларын түзөт.

«COVID-19 программаларын колдоонун алкагында учурда 58 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан, 2024-жылы COVID-19га каршы эмдөө иштерин улантууда. Өлкөдө COVID-19 кырдаалы туруктуу болгону менен, эмдөө бул оорунун татаалдашынан коргойт жана тобокелдикти олуттуу түрдө азайтат», — деди Коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты