Кыргызстанга 10 млн сомдон жогору инвестиция кылган чет өлкөлүктөр эми 5 жылга виза ала алат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Жаңы кирген өзгөртүүлөргө ылайык, эми Кыргызстанга 10 млн сомдон кем эмес сумма чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 5 жылга виза алууга укуктуу болот. 20 млн сомдон кем эмес сумманы чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 10 жылга виза алууга укук алат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Дастан Бекешев, Сейит Атамбаев, Жанар Акаев жана Элвира Сурабалдиева.

Мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуунун өзгөчө негиздерин түзүү жана виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан.

«Тагыраагы, мыйзам долбоору менен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн виза алуу жөнөкөйлөшөт, аны колдонуу мөөнөтү көбөйөт жана өлкөнүн экономикасына салым кошуунун бир нече варианты берилет», — деп айтылат маалымкатта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты