Кыргызстандын ЖОЖдору абитуриенттерди жылына эки ирет кабыл ала баштайт

  • 2 года мурун

Быйылкы окуу жылынан тарта Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жана кесиптик билим берүү мекемелери абитуриенттерди жылына эки жолу кабыл ала баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу сентябрь жана январь айларында жүрөт.

Бейшеналиев мындай чечим кандайдыр бир себептерден улам сентябрда окууга өтө албай калган абитуриенттерге бир жылын текке кетирбей, университетке кайрадан тапшыруусуна шарт түзүп берүү максатында кабыл алынганын билдирди.

Ошондой эле ал мындан ары жалпы республикалык тестирлөө дагы эки ирет өтөрүн кошумчалады. Биринчиси адаттагыдай эле жаз айларында, экинчиси ноябрда өткөрүлмөкчү.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЖОЖдорунда 232 миң студент билим алат. Алардын 82 миңи чет өлкөдөн келген студенттер.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты