Кыргызстандын жаңы муфтийи Абдулазиз кары Закиров болду

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна Абдулазиз кары Закиров бекитилди.

Муфтияттан кабарлашкандай, бул тууралуу чечим 10-февралдагы Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайында кабыл алынган.

45 жаштагы Абдулазиз кары Закиров буга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Билими:

— 1993-1998-жылдары Түркиянын Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

— 2009-2015-жылдары Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

— 2015-2018-жылы Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

— 2002-2005-жылдары Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

— 2005-2008-жылдары Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

— 2008-2011-жылдары Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

— 2011-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

— 2012-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

— 2013-2021-жылдары Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

— 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты